Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш жакшы жыйынтыктарды берүүдө
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш жакшы жыйынтыктарды берүүдө

Коррупцияга каршы күрөшүүдө укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматташуусу жаман эмес жыйынтыктарды берүүдө. Бул тууралуу коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында айтылды.

Иш-чарада курулуш тармагында орун алып жаткан коррупция, паспорт берүүдөгү кемчиликтер, мамлекеттик кызмат адамдарына паракорчулук боюнча козголгон кылмыш иштери жана башка көптөгөн маселелер талкууга алынды. 

Алсак 2016-жылды жана үстүбуздөгү жылдын  биринчи кварталында коррупцияга каршы күрөшүү багытында 2500гө жакын текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттин казынасына 37 миллион сомго жакын каражат кайтарылган. Мындан сырткары өткөн жылдары Эсеп палатасынын актыларынын негизинде коррупция боюнча 138 кылмыш иши козголсо, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул багытта 65 иш козгогон.  Коррупцияга каршы абалды талкуулаган Координациялык кеңеш тин жыйынында “ Таза коом “ долбоору ишке ашса  коррупцияга бөгөт болоору айтылды. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"