Жаңылыктар
Көп кырдуу талант Арстанбек Буйлаш уулуна эстелик коюлду
Маданият
Көп кырдуу талант Арстанбек Буйлаш уулуна эстелик коюлду

Бишкек шаарындагы  Тоголок  Молдо эс алуу багына, 19-кылымдагы заманачыл акындардын  сап башында турган ойчул, көп кырдуу талант Арстанбек  Буйлаш уулуна эстелик коюлду. Айкелдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков катышып, демилгечилерге колдоо  иретинде төраганын фондунан  200 миң сом тартуулады.  

Арстанбек Буйлаш уулу 1824-жылы Ысык-Көлдөгү Сырт  жергесинде туулуп, ырчы катары 16 жашынан тааныла баштайт. Анан бир жылга жакын  Фергана тарапта Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип такшалат.Ал 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп,  сөөгү  Ысык-Көлдүн тескейинде Чычкан конушундагы Таш-Кыя бейитине коюлган. Акындын замандын күрөө тамырын сезген, терең философиялуу чыгармалары совет доорунда окуу программасына кирбегендиктен көпчүлүк билбей калды. Ошондуктан, улуу таланттын рух көрөңгөсүн  жаңы муунга жеткирүү үчүн өзгөчө  аракет керек. Бул эстеликтин ачылышы улуу талантты даңазалоонун башталышы деген ойлор айтылды.

Зинакан Кайыпова,  “Биринчи радио”