Жаңылыктар
Жалпак-Таш, Зергер айылдарына кубаттуу трансформаторлор орнотула баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жалпак-Таш, Зергер айылдарына кубаттуу трансформаторлор орнотула баштады

Өзгөн районун Жалпак-Таш, Зергер айыл аймактарынан өкмөт тарабынан долбоорлонгон 226 гектар жер аянтына электр мамычалары тартылып, кубаттуу трансформаторлор орнотула баштады. Электр жарыгынын начар берилиши - кайра курууга кайраттангандардын курулуш ишин да кечеңдетүүдө. Суук түшкүчө башпаанек тургузуп алсак дегендердин айрымдары күйүүчү май менен иштеген генераторду колдонууда. Бул жабдык дагы тартыш, кезекке туруу керек.


Ар бир күндү эмес, ар бир сааттын өткөнүнө маани берип жашап жаткан Жалпак-Таштыктар азыркы тапта, бар болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоонун аракетинде. Жарыктын начарлыгы, суунун тартыштыгына карабай, айрымдары турак жайынын пайдубалын түптөгөнгө жетишсе, дагы бири тамынын ордун ырастоодо.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет. Ансыз да оор күндү баштан кечирип жаткан элеттиктерге тийиштүү мекемелер тарабынан жеткиликтүү деңгээлде камкордук көрүлбөй жатканын сындаган өкмөт башчы, бир катар атка минерлерди кырсык болгон аймактардагы элдин жашоосунан кабар алууга жиберген.  
Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевдин айтымында, жаңыдан түптөлүүчү аймактарды электр жарыгы менен камсыз кылууга өкмөт 35 млн. сом акча бөлдү. Ага ылайык, он күн аралыгында, Жаман-Адыр менен, Ана-Кызыл аймактарында электр жарыгына болгон муктаждык жоюлат.  Ушундан кийин гана, аймакка алгачкы электр мамычалары орнотуу аракети башталды. Буга чейин убактылуу коюлган трансформатор жаңысына, кубатуулугуна алмаштырылды.

Өкмөт тарабынан долбоорлонгон Кызыл-Октябрь менен Кароол айыл аймактарынын карамагындагы 173 гектар жер аянтына Жалпак-Таштан 238, Зергер айыл өкмөтүнөн 380дей үй-бүлө көчүрүлүп келиши керек. Ал эми 24 адамдын өмүрүн алган Аюу айылындагы 110 жаранга Төрт-Көл айыл аймагынан 45 гектар жер аянты долбоорлонгон.
Долбоорлонгон жер аянтына убактылуу чатырлар тигилип, жаңыдан түптөлүүчү конуштун генпланы иштелип чыккан. Анда: мектеп, бакча, бейтапкана сыяктуу соц.обьектер үчүн да жер тилкелери каралган. Бүгүнкү күндө жалпы Озгөн районунун аймагынан 1022 үй-бүлөнү коопсуз жакка көчүрүү муктаждыгы бар.