Жаңылыктар
Бишкекте алгачкы нур терапиясы борборун куруу долбоору каралууда
Ден соолук
Бишкекте алгачкы нур терапиясы борборун куруу долбоору каралууда

Бишкекте Кыргызстандагы алгачкы нур терапиясы борборун куруу боюнча долбоордун бет ачары болду. Ал курулса онкологиялык оорулар менен ооругандарды жогорку технологиянын жардамы менен дарылоого мүмкүн болот. Долбоордун алдын ала айтылган наркы 10,5 миллион долларга бааланууда. Белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматова 5 жылдан бери рак менен күрөшүп келет. Өлкөгө нур терапея борборунун зарылдыгын ал жакшы түшүнөт. Андай борбор курулганга чейин ал зарыл болгон терапияны Түркияга барып алып келүүдө.


Кыргызстанда нур терапия борборун курууга мезгил келди. Демилгени “Апаке” коомдук фонду өзүнө алды. Анткени жылына өлкөдө онкологиялык оорулар менен жабыркаган 5 миңге жакын бейтап аныкталууда. Рак менен ооругандардын жарымынан көбүнүн дарты кеч аныкталат. Анткени ал оору күчөгөнгө чейин билинбей өөрчүй берет. Заманбап жабдыктардын жоктугунан улам көп мекендештерибиз бир жылдай жашап эле көз жумушат. Рак дартына чалдыккан балдардын да саны өсүүдө. 

Бул иш-чара Кыргызстандын бардык ишкерлерин чогултуп, долбоорду ашар жолу менен ишке ашыруу максатында уюштурулду. Алдыда 8,5 миллион доллар чогултуу керек. Долбоордун демилгечилери жергиликтүү жана эл аралык каржы институттарынан, фонддордон жардам күтүшөт. Нур терапия борбору - жүздөгөн, балким миңдеген адамдын өмүрүн сактап калышы ыктымал. Эгерде дартты аныктоочу жабдыктар болсо келечекте андан да көп адамды өлүмдөн алып калууга болоорун демилгечилер белгилешет.