Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы
Саясат
Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы

Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө ийгиликтүү деп бааланууда. Бир катар документтерге кол коюлуп, анын ичинде мамлекеттер аралык келишимдер да бар. Кыргызстандын Россиянын алдындагы карызы толугу менен кечилди. Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекет башчылык учурунда тышкы саясаттагы эң башкы жыйынтык - Россия менен болгон мамиле жаңы, ишенимдүү жана сапаттуу деңгээлге чыгарылганы.

Бул өлкө башчынын, ошондой эле саясий серепчилердин да пикири. Алмазбек Атамбаевдин иш сапарына Москвада өзгөчө маани беришти. Өлкө башчы Россиянын президенти жана премьер-министри менен да жолугушту. Визиттин жыйынтыгы боюнча талкууланып жаткан негизги маселелерди бири тышкы карыздын кечилиши. Бул эч кандай шарттарсыз жана соодалашуусуз эле ишке ашканын мамлекет башчы белгиледи.

 
Россия менен аскер тармагында кызматташуу - өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири. Мамлекеттик сапардын учурунда бул маселе да талкууланып, айтмакчы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлду. Орусия акыркы жылдары Кыргызстанга жарым миллиард долларга бааланган курал жарак берди. Алмазбек Атамбаев Орусияда мекендештер менен жолугушуу үчүн да убакыт тапты. Белгилүү болгондой азыр, Евразия экономикалык биримдигине кире электегидей курч көйгөйлөр жок. Ал эми айрым көтөрүлгөн маселелерди мамлекет башчы жеринде чечти. Маселен жүк-200 жана башкалар.

Мамлекеттик сапардын учурунда Кыргызстан Орусияда өзүнүн маданиятын даңазалоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кремлде кыргыз искусство чеберлеринин өнөрү тартууланды. Бул өңдүү иш-чаралар Уфа менен Казанда да өттү. Казан менен Уфага Алмазбек Атамбаев бекеринен келген эмес. Кыргызстан ушул арада “Алтай Цивилизациясы” деген аталышта ири долбоорду баштоодо. Июль айында буга карата масштабдуу конференция уюштурулуп, анын коноктору Татарстан менен Башкыртстандын президенттери болмокчу.