Жаңылыктар
Президенттик шайлоого КСДП партиясынын бир гана талапкер чыгат
Саясат
Президенттик шайлоого КСДП партиясынын бир гана талапкер чыгат

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. КСДПнын саясий кеңеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду сунуштаган. 

Бул жагдай КСДПнын ичинде интриганы көбөйтүп, саясий партиядан дагы талапкер чыгат деген пикирлер коомчулукта кызуу талкууга алынууда. 

Жакында эле КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланган Фарид Ниязов партиядан бир гана талапкер болорун айткан, ушул эле ойду мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да Татарстанга иш сапарынын жыйынтыгында журналисттерге ырастады.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"