Жаңылыктар
Болот Бейшеналиев көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак
Маданият
Болот Бейшеналиев көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак

Атактуу “Биринчи мугалим” тасмасындагы Дүйшөндүн,"Ак Мөөрдөгү" Болоттун образын жараткан актёр, кыргыз эл артисти Болот Бейшеналиев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Актердун туулуп өскөн кичи мекени Калмак-Ашуу айылында мааракеси белгиленди. 

Болот Бейшеналиев деген ысымды укканда көз алдыбызга "Ак Мөөрдөгү" Болот, "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөн элестейт. 

Болот Бейшеналиев 2001-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыз киносунун 60 жылдык маараке тою белгиленип, киночулар "Бета гюрмет" ресторанында майрамдаган күнү көз жумган. Майрам аягына чыгып, эл тарап кете беришет. Легендарлуу актер  болсо стол үстүндө олтурган бойдон жалган дүйнөдөн чыныгы жашоого узап кеткенин эч ким байкабайт дагы. Ошентип атак алып келип, кыргызды кино менен дүйнөгө тааныткан дагы бир жылдыз өчкөн. Бирок ар бир кыргыздын жүрөгүндө "Ак Мөөрдөгү" Болот, "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөн бойдон түбөлүккө сакталып кала берген.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"