Жаңылыктар
Битир-садаканы чогултуу, бөлүштүрүү иштерин атайын комиссия көзөмөлдөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Битир-садаканы чогултуу, бөлүштүрүү иштерин атайын комиссия көзөмөлдөйт

Өлкө аймагында битир-садаканы чогултуу, бөлүштүрүү иштерин атайын комиссия көзөмөлдөйт. Орозо айында бардык казы, имамдар калктан арыздарды кабыл алышкан. Ошонун негизинде кайрылгандарга жардам берилет. 

Ошондой эле ооруканаларга, карылар үйүнө жана тез дарыланууга муктаж болгондорго колдоо көрсөтүлөт. Муфтияттан билдиргендей, ушул битир-садакадан түшкөн каражаттын эсебинен Өзгөндө көчкүдөн жана Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга материалдык колдоо көрсөтүү мерчемделди. Эскерте кетсек, муфтият буга чейин битир-садаканын бирдиктүү баасын бекиткен.