Жаңылыктар
Майкл Жексондун каза болгонуна 8 жыл толду
Маданият
Майкл Жексондун каза болгонуна 8 жыл толду

"Грэмми" сыйлыгынын 15 жолку ээси, 25 жолу рекорд жараткан, дүйнө жүзүнө өзгөчө бийи менен таанылган, поп музыканын падышасы легендарлуу Майкл Жексон Лос-Анжелесте 1958- жылы 29- августта жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын жетинчиси. Майкл 5 жашынан чыгармачылыкка арбалып, теңтуштарына ырдап берчү. Атактуу поп музыканын падышасы Майкл Жексон 2009-жылдын 25-июнунда көз жумган. 

2009-жылдын 7-июлунда Майкл Жексон менен коштошуу аземи "Форест-Лаун” эс алуу багында өтүп, миллиарддаган күйөрмандары жана телеканалдардан түз эфирден көрсөтүшкөн. Жексондун күйөрмандары анын урматына чоң флешмобдорду уюштурушкан. Ал эми Мехико шаарында 12937 адамдын катышуусунда эң чоң масштабтагы флешмоб менен дагы бир ирет рекорддор китебине киргизилген. Музыка дүйнөсүндө, анын ичинен поп музыкасына чоң салым кошкон М.Жексон күйөрмандарынын жүрөгүндө жашай берет.

Тутан Валерий уулу, “Биринчи радио”