Жаңылыктар
Укук коргоочу Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин көрсөттү
Шайлоо 2023
Укук коргоочу Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Укук коргоочу Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин көрсөттү. Ал президенттикке өзүн өзү көрсөтүп, учурда БШКга тиешелүү документтерин тапшырды. Президенттикке ат салышуу ниетин билдиргендердин саны бешке жетти.

Бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардан бир жана өзүн өзү көрсөткөн төрт адамдан арыз түштү. 

Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. Талапкер болууну каалагандар арыздарын 1-августка чейин өткөрсө болот.