Жаңылыктар
Алайда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Алайда жер титирөө катталды

Ош облусунунун аймагында очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 26-июнунда таңкы саат 7лерге жакын очогу Алай жергесинде орун алган,  5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.