Баткендеги шахтанын ичинде иштеп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жаштагы куткаруучусу газга ууланып каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 26-июнда Самаркандек айыл аймагындагы шахтанын ичинде тосмо орнотуп жаткан учурда болгон.
Ал эми, дагы бир куткаруучу облустук ооруканага жаткырылган. Буга чейин 2017-жылдын 5-июнунда ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.