Жаңылыктар
Өлкөгө пайда алып келбеген ишканалар жоюлат
Экономика
 Өлкөгө пайда алып келбеген ишканалар жоюлат

Өлкөдөгү мамлекеттик ишканаларды кыскартуу же кайрадан түзүү жумуштары 1-декабрга чейин жыйынтыкталат. Ага чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд айрым ишканаларды жоюп, кээ бирлеринин макамын өзгөртүп акционердик коомго же мекемеге бириктирет. Инвентаризациядан толук өткөн ишканалар бирдиктүү маалымат базасына киргизилет. Премьер-министрдин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы миңден ашык ишкананын жарымына чукулу кагаз жүзүндө гана ишкана болгону аныкталган. 

Эгер мурда мамлекеттик ишканалар боюнча абал чаржайыт болсо эми алардын тизмеси тартипке келтирилди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун иликтөөсүнөн соң мамлекеттик ишканалардын көбүн тез арада кыскартуу зарылчылыгы келип чыккан. Себеби 1100 мамлекеттик ишкананын бүгүнкү күндө 166сы гана толук кандуу иштеп жатыптыр. Калгандары бир күн оору, бир күн соо болуп, анысы аз келгенсип штаттык бирдиктер ашыкча көрсөтүлгөнү далилденген.Иштеп жаткан 166 мамлекеттик ишкананын учурда 137синин тагдыры чечилип жатат. Анын ичинен 26 мамлекеттик ишкананы калтыруу сунушталууда. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылангандыктан 59 мамлекеттик мекемеге өзгөртүү каралууда. Ал эми 10дон ашык объектини акционердик коомго өткөрүү сунушталган. 20 мамлекеттик ишкана жоюлат жана 4 ишкана менчиктештирилет.

“Кыргызжилкоммунсоюздун” базасында астында 25 мамлекеттик ишкана болгон алар кыскартылды. Филиал болуп иштейт штаттары да кыскартылды. Автовокзалдар кыскартылат бир мамлекеттик ишкана болот. Калгандары филиал болот. Андан тышкары “Кыргызкөмүр” менен “Ысык-Көл пароходство” мамлекеттик ишканаларды кошуу маселеси каралып жатат. Анткени мамлекеттик ишкана “Ысык-Көлдөгү параходство” негизги маселе көмүрдү жеткирүү”,- деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков.  

Ошентип айрымдары сатыкка чыгарылып, майдаланып кеткени ирилешип, бири-бирин кайталагандары кыскарып, кыскасы толук инвентаризациядан өткөн мамлекеттик мүлктүн баары бирдиктүү маалымат базасына киргизилет. Өкмөттүн бул багыттагы башкы жетишкендиги бирдиктүү реестрдин түзүлгөндүгүндө. Бул өз кезегинде мамлекеттик мүлктүн макамын өзгөртүүгө жол берилбейт дегендик. Март айынан бери инвентаризациядан өткөн мүлктөр маалымат базасына каттоого алынууда.