Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагында эки көпүрө ишке берилди
Айыл чарба
Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагында эки көпүрө ишке берилди

Мамлеккеттик бюджетке оорчулук келтирбей, эл аралык уюмдар менен иштешип, өз инфраструктурасын чыңдап алып жаткан аймактар бар. Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагында эки көпүрө ишке берилди. 

Кубаныч Турдалиевин 3 гектар үлүш жери - алты баланы багуудагы бир жылдык кирешеси. Дыйкан бул жер аянтына жыл сайын кылкандуу дан эгиндерин эгет. Кайрак бирок, күнөстүү жерде болгону үчүн түшүм ойдогудай болот. Оруп-жыюу кол күчүн талап кылгандыктан, түшүмдүн чыпчыргасын коротпой жыйнап алууга мүмкүн эмес. Эгин талаанын аягына жеткиче, бышып кеткен дандын теңи күбүлүп, жерде калат. Анткени, аймакка техника жетпейт.

"Буудай арпа бышкан кезде, баарын колго оробуз. Бышымчылыктан өткөндөн кийин, күбүлүп убайран болот дан. Комбайн келбейт. Жол жок",- дейт Жийде айылынын тургуну Кубаныч Турдалиев.

Айылдыктар, аймакка соңку ирет комбайн качан келгенин да эстей алышпайт. Буга, айыл менен айдоо аянтын бөлүп аккан каналдагы көпүрөнүн жоктугу себеп болгон. Мындан улам, тоют менен түшүмдү кампага жеткирүүдө улоо күчү керектелет. Арабага гана туруштук бере алчу көпүрө да эбак мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, кооптонуу жарата баштаган.