Жаңылыктар
Өспүрүмдөргө энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Өспүрүмдөргө энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынат

Энергетикалык суусундуктарды 18 жашка чейинки балдарга сатууга тыюу салган мыйзам жакынкы күндөрү иштей баштайт. Демилгечи депутаттар мындай суусундуктар калыптанып келаткан жаш организмге олуттуу кедергисин тийгизерин белгилешет. Тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеште май айында кабыл алынып, 17-июнда өлкө башчысы кол койгон. Ал 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Демек, 2-июлдан тартып 18 жашка чейинки балдарга энергетикалык суусундуктар сатылбайт. Мындан сырткары, мыйзамда окуу жайларынын, ооруканалардын жана аскердик мекемелердин ичинде сатууга тыюу салуу да белгиленген. Талапты аткарбаган тараптарга айып пул салуу каралган.

Энергетикалык суусундук ичкен адамга күч кубат бергендей таасир калтырат. Бирок ал нерв системасына, жүрөккө олуттуу кедергисин тийгизээри айрым изилдөөлөрдө аныкталган. Курамында кофеин, кант, таурин сыяктуу заттар бар. Мындай суусундуктун зыяндуулугун адистер да тастыкташат.