Жаңылыктар
Улуттук кол өнөрчүлүк өнүгүү жолунда
Маданият
Улуттук кол өнөрчүлүк өнүгүү жолунда

Соңку кездери ал чет элдик коноктордун гана эмес, мекендештерибиздин да кызыгуусун арттырууда. Ар бир эле адамдын колунан келе бербеген бул өнөр атадан балага, энеден кызга өтчү кесиптерден. Өзгөчөлөнгөн, баалуу карышкыр ичик, тебетей Борбор Азиядагы лидерлердин бирине белекке деп тигип жаткан Ишенбүбү Аламанованын чеберчилик менен алектенгенине 34 жылдан ашты. Башында калпактын түрүн тиксе, кийинчерээк улуттук кийимдин бардык түрүнө өткөн. 

“Кыз келиндерге белдемчи, чыптамалар, шокуло, кемсел, чепкен, чапандардын турлору тигилип жатат. Кыргыздын кийимдери сындуу. саймасы жок деле кемселдерди тигип койсон аксакал, байбичелерге жагат”, - дейт чебер Ишенбүбү Аламанова.

Энеден кызга өткөн чеберчилик өнөргө Ишенбүбү апанын кызы, уулу, ал эмес неберелери да кошулган. Кызы Нурила сүрөтчү-дизайнер. Кыргыз орнаменттеринде көчмөн маданияты, кылымдардан берки тарыхы камтылган. Байыркы убактарда туш кийиз, шырдак, калпак, кийимге түшүрүлгөн оймо кыргыздын эн тамгаларынын бири катары эсептелген. Ал аркылуу кыргыздын уруулары аныкталган. Азыркы учурда заман талабына жараша күнүмдүк турмушта, сахнада, конокто кийүүчү кийимдерге оймо түшүрүү кенен жайылууда.