Жаңылыктар
Студенттер аралык “Жаш толкун” билим таймашы жеңүүчүлөрүн аныктады
Маданият
Студенттер аралык “Жаш толкун” билим таймашы жеңүүчүлөрүн аныктады

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Кыргыз радиосундагы “Жаш толкун” жогорку окуу жайлардын арасындагы студенттердин билим таймашы соңуна чыкты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 29-июнда саат 10:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук  китепканын чоң залында өтөт

Уюштурулган билим таймашынын максаты жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин китеп окууга богон кызыгуусун арттырып, илим-билим, тарых, маданият, адабият жаатында дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге университеттер арасында достук алакасын түзүү болуп саналат. Мыкты деген тайпалар аныкталып, диплом жана  акчалай сыйлыктар менен студенттер сыйланышмакчы. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы 24 ЖОЖдун студенттери  катышып, финалга төрт команда чыкты. Алар Ж. Баласагын атындагы КУУ,  Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес  академиясынын студенттери, К. Үсөнбеков атындагы Жогорку аскердик окуу  жайынынын курсанттары.