Жаңылыктар
Дастан Шаршеев реванштык беттеште жеңишке жетти
Спорт
Дастан Шаршеев реванштык беттеште жеңишке жетти

Мушкер Дастан Шаршеев атаандашы Антон Калинин менен болгон реванштык беттеште жеңишке жетти. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 22-апрелинде Татарстандын Казань шаарында тай боксунун “TNA эрежелери боюнча” дүйнө чемпионатынын экинчи этабы өткөн. Анда Шаршеев россиялык атаандашы Антон Калинин менен беттешип, кошумча раунддун жыйынтыгында калыстар тобу орус мушкерди жактап, аны жеңүүчү деп атаган. 

Кыргызстандык спортчу мындай чечимге каршы чыгып, рингден бир топ минутага чейин кетпей турган. Рефери Дастанды мындай жоругу депортацияга алып келерин эскерткен. Жыйынтыгында, июнь айында өтүүчү дүйнөлүк чемпиондукта реванш-беттешин белгилешкен.  

Кечээ, 27-июнда атаандашы Антон Калининге бир нече оор сокку берип, өзүн көргөзө алган Дастан Шаршеевге калыстар тобунун чечими менен жеңиш ыйгарылды.