Жаңылыктар
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы президенттикке талапкер катары Б.Төрөбаевди көрсөттү
Шайлоо 2023
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы президенттикке талапкер катары  Б.Төрөбаевди көрсөттү

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы президенттик шайлоого Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Мындай чечим партиянын Бишкекте өткөн курултайында кабыл алынды. 

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаевден президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн арыз берилген. Бүгүн “Коомдук талдоо институтунун” директору Рита Карасартовадан да БШКга өзүн талапкер катары каттоо тууралуу арыз түшкөн. 27-июнга карата 4 талапкер өзүн өзү сунуштап, ал эми бир талапкер партия тарабынан көрсөтүлдү.