Жаңылыктар
Мобилдик клиника Тоң районундагы эл саламаттыгын текшерди
Ден соолук
Мобилдик клиника Тоң районундагы эл саламаттыгын текшерди

Тоң районунун Коргонду-Булак айылында мобилдик клиника кызматы эл саламаттыгын текшерди. Бир айдан бери Тоң жергесинде жүргөн бул клиника алыскы тоо арасындагы элден кабар алууда. 

Анткени негизинен малчылыкка ыктаган элеттиктер өз убагында дарыгерге кайрылбайт. Ден соолугун текшертүүгө көп учурда шарты келе бербейт. Мындай алыскы айылдардан Тоңдо 13ү бар. Мобилдик клиника негизинен эң коопту 4 ооруну аныктоого багыт алган. Бул гепатит Б, гепатит С, сифилис жана ВИЧ оорусу. 

Дарыгерлердин баамында элеттиктердин бул оорулардан дээрлик кабары жок болгондуктан, өз учурунда дарыгерлерге кайрылышпайт жана тийиштүү жардамдарды ала алышпайт. Мындан улам облустук оорукананын дарыгерлери менен бирге үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору да айылдарды кошо кыдырып, эл саламаттыгына жеринде кандай кам көрүү керектигин тажрыйба иретинде үйрөнүшүүдө. Аны менен катар эле тоолуктарда жүрөк жана көз оорулары көп кездешерин мобилдик клиниканын адистери аныкташкан.

"Ушул ыраак жерде, таза абада жашаса да, эл арасында ушул оорулар абдан көп чыгып атат. Учурда ушул 4 оору боюнча анализдердин ичинен 111 кишиден гепатит С дарты аныкталды. Бул боор оорусунун абдан татаал түрү. Бул акырындан симптом бербей туруп сирозго, рак оорусуна алып келип, өлтүрүп коючу оору",- дейт Мобилдик клиниканын медициналык координатору Анара Айткулуева.