Жаңылыктар
Ош: бүтүрүү кечесинде майрамдашкан окуучулар автокырсыкка кабылды
Кырсык
Ош: бүтүрүү кечесинде майрамдашкан окуучулар автокырсыкка кабылды

Ош шаарында бүтүрүү кечесин кымбат баалуу автоунаа ижарага алып майрамдаганы чыккан окуучулар, автокырсыкка кабылып, ооруканага түштү. 

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан факт болуп калды. 

Дарыгерлер  автоунаадагы эки окуучунун бирөөсүнүн абалы оор, экинчисиники орто экенин  айтышууда. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бирок териштирүү иштери жүрүп  жатат. Азыр ижарачы ишкер автоунаасынын чыгымдарын эсептеп отурат. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"