Жаңылыктар
Бишкектин ички кварталдык көчөлөрү жасалат
Экономика
Бишкектин ички кварталдык көчөлөрү жасалат

Жыл аягына чейин Бишкектин 100гө жакын ички кварталдык көчөлөрү жасалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтылды. 

«Бишкек асфальт сервис” муниципалдык мекемеси планга кирген 53 көчөнү шаардык бюджеттин эсебинен  оңдоп жатса, калган көчөлөр жана 6 көпүрө Кытай грантынын эсебинен жасалууда. 

Депутаттар жасалып жаткан жолдордун сапатына кызыкты. Айрым эл өкүлдөрү жумушту кечки убакта жүргүзүп, шаардыктардын жашоосуна тоскоолдук жаралбоосун камсыздоо зарылдыгын айтты.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"