Жаңылыктар
Сирияга кыргыздарды жөнөткөн жаран камалды
Дин
Сирияга кыргыздарды жөнөткөн жаран камалды

Сирияга тааныштарын жөнөткөн жана мамлекеттик түзүлүшкө каршы согуш жарыялаган Ош облусунун  Араван районунун тургуну сегиз жылга  кесилди. 

Тиешелүү кызматтардан берилген маалыматтарга ылайык, эркинен ажыратылган адам өзүн ислам мамлекети деп атаган террористтик уюмдун мүчөсүмүн деп эсептейт жана аталган уюмдун буйругу менен жердешин Сирияга жөнөткөн деп күнөөлөнүп,  ага мындан тышкары,  кылмыш  жана  жаза  кодексинин  улут аралык, диний жана регионалдык бөлүнүүгө жик таштоо, террордук топторго жалдануу өңдүү бир катар беренелери менен айып тагылды. 

Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Сирияда  600дөй  кыргызстандык  согуш  аракетинде жүрөт. Талдоочулар динге ашыкча  берилип  кетүүнүн аяга  жакшы бүтпөсүн белгилешип,  диний мекемелер  бул жаатта  мамлекетке  жардам бериши  керек  деп эсептешет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"