Жаңылыктар
Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралууда

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. 

Сотто күбө катары орус жараны Алексей Модин көрсөтмө берди. Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев Алексей Модинден Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаев менен “Альфа Телекомдун” жетекчилигинин ортосунда акча боюнча сүйлөшүү болгонбу деп сурады. Модин Талант Маматкеримовго 300 миң доллар бергенин, бирок акчанын кийинки тагдырын билбестигин айтты.