Жаңылыктар
РФтин Мамдумасынын төрагасы В.Володин Бишкекте
Саясат
РФтин Мамдумасынын төрагасы В.Володин Бишкекте

Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди. 

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов тосуп алды. Белгилей кетсек, расмий иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту. Анда тараптар эки тараптуу мамилелер, парламенттер аралык кызматташтык жаатында пикир алышты.