Жаңылыктар
Юстиция министрлиги 90 жылдыгын белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Юстиция министрлиги 90 жылдыгын белгиледи

Юстиция министрлигинин түзүлгөнүнө 90 жыл. Бул мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленди. 90 жылдык тарыхы бар министрлик ушул күнгө чейин укуктук мамлекетти куруудагы негизги орган катары өз милдетин татыктуу аткарып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүүдө. 

Бирок аны менен катар алдына жаңы милдеттерди жана максаттарды койгон министрликтин макамын күчөтүү зарыл, - деди мекеменин жетекчиси Уран Ахметов. Өлкөнүн укук министрлигинин мааракесине карата президенттик аппараттын атынан да куттуктоолор айтылды. Мыкты иштеген кызматкерлерге дагы өлкө башчынын атынан сыйлыктар тапшырылды. 

Ал эми өкмөттүн атынан аларды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков куттуктап, кызматкерлерге сыйлык катары өкмөттүн ардак баракчалары жана энчилүү сааттар тапшырылды. Ишинде артыкчылык көрсөткөн алдыңкы кызматкерлер мекемелик сыйлыктар менен сыйланышты.

“Адам укуктарын камсыздоодо, коомдун укуктук маданияттын калыптандырууда эбегейсиз иш аткарып жатасыз. Эрктүү мүнөздү талап кылат",- деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.