Жаңылыктар
Ош шаарында бир күндө эки адам суунун курмандыгы болушту
Кырсык
Ош шаарында бир күндө эки адам суунун курмандыгы болушту

Ош шаарында бир күндө эки адам сууга акты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кечээ, 27-июнда Жапалак айылындагы Араван каналына 1 аял агып кеткен. Атайын куткаруу кызматынын кызматкерлери менен туугандары биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, туугандары тарабынан аялдын сөөгү табылган.

Ал эми, ушул эле күнү  саат 17:30дар чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен. Учурда издөө иштери улантылууда.