Жаңылыктар
БШК: маалымдоо каражаттары каттоодон өтүүдө
Шайлоо 2023
БШК: маалымдоо каражаттары каттоодон өтүүдө

27-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону чагылдырууга кызыкдар экендигин билдирген 41 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. 

Документтерди кабыл алуу 15-июнда башталган. БШКга жалпы 87 арыз келип түшкөн, алардын арасынан 41инин документтери толук тапшырылды. Алар 16 телекомпания, 10 радиокомпания, дагы 10 басма сөз өкүлдөрү жана 4 интернет-басылма. Документтерди кабыл алуу 4-июлда аяктайт.