Жаңылыктар
Дүйнөдөгү эң чоң шырдак Ат-Башыда жасалды
Маданият
Дүйнөдөгү эң чоң шырдак Ат-Башыда жасалды

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган. Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн. 

Кол өнөрчүлөрдүн жетекчиси Тоюмбүбү Аманованын айтымында, мындай көлөмдүү шырдакты даярдоого эки ай убакыт кеткен. Жалпысынан 6 чебер жардамчылары менен кошулуп 15 адам эмгектенди. Аманова бул шырдакты жеке ишкер Ысык-Көлдө боз үй формасында курулган конок үйүнүн ичине, улуттук стилде жасоо максатында атайын буюртма бергенин билдирди. Жасалып бүткөн шырдактын салмагы 300 килограммды түздү.