Жаңылыктар
Президент Орусия Мамдумасынын төрагасы В.Володин менен жолугушту
Саясат
Президент Орусия Мамдумасынын төрагасы В.Володин менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер жылдан жылга бекемдей тургандыгына ишенгенин билдирди. Буга президенттин Орусияга жакында эле болгон мамлекеттик сапары дагы өбөлгө түздү. Өз кезегинде, Вячеслав Володин жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары менен натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кызматташуунун кеңири багыттары, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү маселелер, ошондой эле Орусиянын аймагында кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу маселелери талкууланды.