Жаңылыктар
Ө.Текебаев жана Д.Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум өттү
Кылмыш
Ө.Текебаев жана Д.Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум өттү

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү. Териштирүү негизги күбөлөрдүн бири саналган Алексей Модиндин көрсөтмөсү менен уланды. Саясий серепчилер, жактоочу тарап анын көрсөтмөсүн бурмалап, элди адаштыруу үчүн болгон аракетин көрүп жатат деп эсептешет.

Алексей Модин Орусиянын жараны, “Скайл Мобайл” жоопкерчилиги чектелген коомунун мурдагы башкы директору. Тергөөнүн маалыматына ылайык, дал ушул адам Текебаев менен Леонид Маевскийге ортомчу болуп, анын катышуусунда миллион доллардын ордуна “Мегаком” уюлдук компаниясына көзөмөл жүргүзүү убадасы берилген деп айтылууда. Биринчи 300 миң долларды Модин жеке өз колу менен берген. 

Сотто Текебаевдин жактоочулары жана ал өзү баш болуп Модинге психологиялык басым көрсөтүп, соттук териштирүүлөргө тиешеси жок маселелер боюнча суроолорду жаадырып туруп алышты. Күбө өзу дагы иш боюнча бир да сөз айтылбаганын, анын көрсөтмөлөрүнүн бардыгы адвокаттар тарабынан бурмаланып турганын билдирди.

Текебаевдин жактоочулары Алексей Модиндин катышуусунда өткөн тергөө экспериментин да сындаганга үлгүрүштү. Анда ал Текебаев менен Леонид Маевскийдин биринчи жолу өкмөт үйүндө жолукканы тууралуу айтып берген. Анда “Мегакомго” тышкы башкаруу киргизүү маселеси талкууланган.

Соттолуучунун жактоочулары тергөө эксперименти Текебаевдин эмес, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары болуп турган Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүндө өткөн деп билдиришүүдө. Эгер алардын бул айткандары чын болсо, анда иш анык саясий жаңжалга айланмак.

Азыр Модин көрсөткөн кеңседе биринчи-вице-премьер министр иштейт. Ал эми 2010-жылы бул чоң кеңсенин ордунда эки иш бөлмө болчу. Кийин бузулган дубалдын бир капталында Текебаев, экинчи жагында Атамбаев иштеген.

2010-жылы биринчи-вице-премьер болгон Бабановго бул кеңсе тардык кылган. Ал ортосундагы дубалды бузуп, эки кеңсени бир иш бөлмө кылуу тапшырмасын бергенин өкмөт үйүнөн тастыкташты. Текебаевдин мурунку кабылдамасы азыр эс алуу бөлмөсүнө айланган.