Жаңылыктар
Кутурган карышкыр адамга кол салды
Кырсык
Кутурган карышкыр адамга кол салды

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын тургуну Майрамбек Назаралиев жайлоодо кутурган карышкыр менен алышып, аман калды. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаарына караштуу Абдый жайлоосуна чыккан малчылар билдиришти. 

Майрамбек Назаралиев кызын сактоо үчүн карышкырга каршы жүгүрүп, жарым саат карышкыр менен алышкан. Кийинчерээк ал карышкырды өлтүрүп, башын кесип алып Ноокендеги райондук ветеринардык лабораторияга текшерткенде ал кутурган карышкыр болуп чыккан.