Жаңылыктар
Өлкөдө текстиль тармагы өнүгүү жолуна түштү
Экономика
Өлкөдө текстиль тармагы өнүгүү жолуна түштү

Анын натыйжасында кошумча жаңы жумушчу орундар пайда болууда. Келечекте калган тармакты дагы өнүктүрүү концепциясы өкмөткө ишкерлер тарабынан сунушталды. Кыргыздын кадимки улуттук чапаны бүгүнкү күнү кардарлардын кызыгуусуна ээ болууда. 

Кыска мезгил аралыгында мындай ишкердикти колго алган “Чапан” ишканасынын атагы  ааламга тарай баштаганы көңүл жибитет. Анткени, алардын колунан тигилген  жогорку сапаттагы улуттук кийимдер эл аралык жарменкелерде жогору бааларга  татууда. 

Айтор, өлкөдө текстиль тармагы өнүгүүнүн туура багытын тандап алды. Бул деген жакынкы жылдар аралыгында жаңы жумушчу орундар пайда болуп, анда кесипкөй уздар иштөөсүнө шарт жаралат дегенден кабар берет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"