Жаңылыктар
Текебаевдин сотунда Модин күбө катары чакырылды
Саясат
Текебаевдин сотунда Модин күбө катары чакырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул  Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Текебаев “Мегаком” сатууга байланыштуу 2010-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийден бир миллион доллар алган деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча айыпталууда. Бул козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да камалган. Соттук териштирүүдө күбө катары Алексей Модин, Руслан Оңолбеков жана Өмүрбек Абдрахманов көрсөтмө беришти.

Соттук териштирүү демейдегидей эле милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү. Видео тартууга уруксат берилген жок.

Отурумдан соң айыпталуучулар Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары аларды колдоп турушту.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"