Жаңылыктар
Кылымдарды карыткан кыргыз шырдагы
Маданият
Кылымдарды карыткан кыргыз шырдагы

Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» эл аралык 7-фестивалы аяктады. Бир гана жергиликтүү элдин гана эмес, чет өлкөлүк туристтердин да көңүлүн өзүнө бурган бул ири маданий иш-чарада уздар менен бирге кол өнөрчүлөрдүн да эмгектери даңазаланды.

«Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалына үзгүлтүксүз катышып келе жатышкан Ат-Башы районунун «Ат- Башы» айылындагы бул үй- бүлөдө чон энеси, апасы жана кыздары шырдак шырышат. Айрыкча, 8 жашынан бери элибиздин ушул кол өнөрчүлүгү менен алектенген Гүлназ Асанакун кызынын акыркы кездердеги эмгектери Европаны да багындырууда.

"Кээде биз үлгүрбөй баратканыбызда, атам, байкем жардамга келишет. Менден кичүү сиңдим бар. Ал дагы кол өнөрчүлүккө жакшы. Ал сувенирлерди, телефондун чехолдорун жасайт",- дейт уз Гүлназ Асанакун кызы.  

Жетинчи жолу өткөрүлүп жаткан «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалына жогорудагы каарманыбыз өндүү уздардын алты миңге жакын эмгектери чыгарылды. Алардын дээрлик баарысы көз жоосун алгандыктан, мыктылардын мыктыларын аныктоо оңой болгон жок. Айтмакчы, бүгүнкү иш чаранын байге фонду 300 миң сомду түзүп, анын 200 миңин Маданият министрлиги жана 100 миңин Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусу бөлгөн.