Жаңылыктар
Кыргыз-орус мамилеси мезгил сынагынан өттү
Саясат
Кыргыз-орус мамилеси мезгил сынагынан өттү

Кыргыз-орус мамилеси мезгил сынагынан өттү, бирок дагы чече турчу маселер бар. Бул тууралуу Россия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен болгон жолугушууда билдирди. 

Ал кыргыз-орус алакалары регионалдык деңгээлде өнүгүп жатканып да баса белгиледи. Бишкеке келген Мамдуманын төрагасы баштаган делегация бир катар жолугушууларда  өткөрүүдө. 

Эми келерки аптада Орусиянын мыйзам чыгаруу органынын дагы бир канаты Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да Бишкеке келери күтүлүүдө.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"