Жаңылыктар
“Победа” унаасы 71 жашта
Кыргызстан жаңылыктары
 “Победа” унаасы 71 жашта

Советтер Союзунун алгачкы “Победа” унаасы 71 жашта. 20-кылымдын 50-жылдарында “Победа” автоунаасы машина сүйүүчүлөрдүн оңой менен жетпей турган кыялы болгон. Жеңил унаа ал убактарда алдыңкы профессор окумуштууларга, жетекчи, төрагаларга гана белекке берилген. Бир кылымга жакын тарыхы бар ошол үлгүдөгү унаа азыркы күндө антиквариат катары бааланып, сүймөнчүктөрүн Кыргызстанда да жогото элек.

Владимир Логунов “Победанын” ээси болгонуна 20 жылга жакындап калды. Бала кезиндеги кыялын ушул күнгө чейин чаң жугузбай жууп тазалап, карап, майын маалынан кечиктирбей алмаштырып турат. Кыймылдаткычы, мотору, айтор унаанын тетиктеринин бирин да алмаштырган эмес. 

Эски үлгүдөгү мындай буюмдар дүйнөдө убакыт өткөн сайын жакшы бааланат. Бирок Владимир аны сатайын деген ою жок. Унаасы кез-кезде майрамдык иш-чараларга катышып турат, ал эмес, тасмага да тартылган.