Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда жапайы кендирди жок кылуу иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда жапайы кендирди жок кылуу иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондорунда жапайы өскөн кендирди жок кылуу иш чаралары өтүп жатат. Бул иштерге райондук, айылдык бийлик өкүлдөрү жана ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылууда. 

Белгилей кетсек, жыл сайын облус аймагы боюнча 820 гектар аянттагы жапайы кендир зыянсыздандырылат. Быйылкы жылга карата баардык райондордо жапайы кендирдин аянтын изилдөө иштери бүтө элек. Бирок, быйылкы жок кылуу иш чаралары жылдагыдай эле өтүшү мүмкүн. Азыркы тапта бул иштерге Ак-Суу району активдүү киришүүдө. 

Райондо бүгүнкү күндө жалпы 1800 гектар жер изилдөөгө алынып, кара куурай өскөн 13 гектар жер аныкталган. Эске сала кетсек буга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында 21-июндан 28-июнга чейин баңгизатка байланыштуу 8 кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 16 килограммга жакын баңгизат алынды. Жапайы кара куурайды жок кылуу иштери август айынын аягына чейин улана берет.