Жаңылыктар
Президент «Дастан» заводунун иши менен таанышты
Экономика
Президент «Дастан» заводунун иши менен таанышты

Президент Алмазбек Атамбаев «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунда болду. Мамлекет башчы ишкананын ишмердиги менен таанышып, өндүрүш жайларын кыдырып, заводдо чыгарылган атайын продукциялардын, ошондой эле медициналык техниканын жана эл кеңири керектөөчү товарлардын үлгүлөрүн көрүп чыкты. 

Ишкананын башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев президентке заводдун азыркы жумуштары жана технологиялык процессти модернизациялоо боюнча алдыдагы милдеттери туурасында айтып берди. Алмазбек Атамбаев “Дастан” заводунун маанисин, ишкананын чет өлкөлөргө экспорттоп жаткан продукциялары сейрек экендигин баса белгиледи. 

Ошондой эле, кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго ишканага өндүрүш процессин модернизациялоо максатында кредиттик каражаттар жагынан көмөктөшүү боюнча тапшырма берди. Өнүктүрүү фондунун каражаты ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экспортко багытталган өндүрүштү жакшыртууга жана заводдун атаандашуу жөндөмүн арттырууга көмөктөшөт.