Жаңылыктар
Өзгөн: үйсүз калган жарандардын абалы - өкмөттүн көңүл чордонунда
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөн: үйсүз калган жарандардын абалы - өкмөттүн көңүл чордонунда

Жаман-Адыр участкасына жайгашып жаткан Жалпак-Таш менен Зергер айыл өкмөттөрүнүн жарандары үчүн убактылуу курулуш материалдар базары ачылат. Мында, курулушка керектелүүчү каражаттар заводдун өзүндөгү баа менен сатылат. Премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде, жаңыдан түптөлүп жаткан конушка 20 күн аралыгында, ичүүчү таза суу дагы жеткирилет.

Архитектор Нурали Абдыкаримовго жаңыдан түптөлүп жаткан конуштун генпланынын ар бир метри, же кайсыл жерден жол, суу өтүп, кай тарапка турак-жай, мектеп, бакча, бейтапкана курулаары толук маалым. Жолдун оң тарабындагылар- Кызыл-Октябрь айыл аймагына карашса, сол тарабы Кароол аймагына кирет. Эки тарапка тең бирдей соц.обьектер салынат.
Генпланга ылайык, мындагы 175 гектар же, 800дөн ашуун жер тилкеси берилүүчү бул аймактын ортосун негизги унаа жол бөлөт. Айыл ичиндеги 12 чакырым жолго 3900 метр кошумча жол уланат.

 

Натыйжада, Жаман-Адыр участкасы Ош-Бишкек унаа жолу менен айыл аралап эмес, түз жол аркылуу байланышат. Баш-паанексиз калган жарандардын суук түшкөнгө чейин турак-жай менен камсыз болушуна мамлекет тарабынан мүмкүн болгон шарттарды түзүп берүү - өкмөттүн көңүл чордонунда. Алгач, долбоорлонгон жер аянтына электр чубалгыларын тартуу, кубаттуу трансформаторлорду орнотуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 35 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Азыр жаңы турмуш баштап жаткандар үчүн ар бир күн эмес, ар бир саат маанилүү. Бир сыноону баштан кечирген жарандар, турак-үйдүн сапатына өзгөчө көңүл бурууда. Бул үчүн жеринде архитектор адистер кызмат кылууда. Азыркы тапта жалпы Озгөн району боюнча 
орун которууга мажбур болгон үй-бүлөлөрдүн саны 1038ди түзөт. Булардын басымдуу көпчүлүгү, Зергер, Жалпак-Таш жана Ийри-Суу айыл аймактарына таандык.