Жаңылыктар
Текебаевдин иши боюнча соттук отурумда, башкы күбө көрсөтмө берди
Саясат
Текебаевдин иши боюнча соттук отурумда, башкы күбө  көрсөтмө берди

Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум. Анда бул иш боюнча башкы күбө катары өтүп жаткан Леонид Маевский көрсөтмө берди. Ал өз сөзүндө буга чейинки тергөөгө берген көрсөтмөлөрүн бекемдеп, бир миллион доллар акчаны кыргыз саясатчыларына кандай жол менен бергенин айтып берди.

Соттук отурум бүгүн түштөн кийин саат 2де башталды. Соттук отурумга көрсөтмө берүү үчүн Текебаев менен Чотоновдун ишинде башкы күбө катары өтүп жаткан Леонид Маевский чакырылган. Сот отурумунда видео жана сүрөткө тартууга тыюу салынган. Маевский көрсөтмөсүндө тергөөгө берген маалыматтарын бекемдеп, Текебаевге “Мегаком” үчүн миллион доллар бергенин тастыктады. Өмүрбек Текебаев менен анын жактоочулары Маевскийге ондогон кайчы суроолорду беришип, анын көрсөтмөлөрүн бурмалоого аракет кылышты. Башкы күбө Текебаев менен качан жана кайсы жерде жолукканын жана конкреттүү сүйлөшкөндөрү тууралуу айтып берди.

 
Соттук отурумдан кийин күбө Леонид Маевский жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Маевский сотто берген көрсөтмөлөрүн дагы бир жолу бекемдеп, “Мегакомду” сатып алуу ниетин, кыргыз саясатчыларына акча каражатын кандай жол менен бергени жана сүйлөшүүлөрдүн жүргөнү тууралуу айтып берди.

Орус ишкери убагында "Альфателекомдун" 49 пайыз акциясын 300 млн долларга сатып алууга даяр болгон. Бирок ортодон Текебаев Маевскийге башка сунуш киргизип, конецформыначалоформымиллион доллардын ордуна “Мегаком” уюлдук компаниясына көзөмөл жүргүзүү убадасын берген. Бугунку кундо аталган компанияны мамлекеттик мүлк министрлиги 49 эмес, 100 пайыз акциясын 306млн долларга баштапкы баа менен сата албай жатат. Уюлдук байланыш компаниясынын баасы 7 жыл ичинде эки эсеге арзандап, мамлекеттин казынасы тиешелуу пайданы ала албай келүүдө.