Жаңылыктар
Чүй облусунда ири өндүрүш аймагы пайда болот
Экономика
Чүй облусунда ири  өндүрүш аймагы пайда болот

Өлкөнүн жеңил өнөр жайын көтөрүүгө дагы бир чоң кадам ташталды. “Технополис” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Жеңил өнөр жай” ассоциациясына убактылуу колдонууга жер тилкеси бөлүнүп берилди. Мындай чечимди шарттаган токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык эми Чүй облусунда ири өндүрүш аймагы пайда болот. Мындан тышкары “Бишкек машина куруу заводунун” аймагында дагы технополис курууга жер тилкесин бөлүүнү тездетүүнү тапшырды. 

Токтомго ылайык жеңил өнөр жайчылар ассоциациясына 40 гектар жер тилкеси Военно-Антоновка айыл аймагынан берилди. Жакынкы келечекте ал жерде ири өндүрүш аймагы пайда болот. Буга чейин айыл чарба багытындагы жер эми өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытта колдонуу категориясына которулду. Токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт.



Технополис үчүн “Бишкек машина куруу заводунун” аймагында дагы жер тилкесин бөлүп берүү каралууда. Заводдун иши менен таанышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнөр жай тармагын көтөрүүгө ишкананын өндүрүш дараметин жана аймагын натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгын белгиледи. Мындан улам премьер-министр тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине технополис долбоорун жүзөгө ашырууга заводдун аймагынан жер тилкесин караштыруу тапшырмасын берди.

Премьер-министр Бишкек штамп заводу мамлекеттик ишканасынын иши менен да таанышты. Жээнбеков мурдагыдай ишканалардын рентабилдүүлүгүн жана натыйжалуулугун калыбына келтирүү үчүн, эки заводдун башкаруусун жана аймагын экиге так бөлүп алуу керек-деди. Себеби Бишкек штамп заводу стратегиялык мүнөздөгү режимдик объект болгондуктан анда көрсөтүлгөн тартипте гана иш алып баруу каралган. Өкмөт башчы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго эки заводду стратегиялык өнүктүрүү боюнча бизнес план иштеп чыгууну жана аны өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

15 жылдын ичинде өлкөнүн тигүү тармагы ЕАЭБ жана чет мамлекеттердин рыногун багындыра алды. Өндүрүш аймактарынын түзүлүшү менен жеңил өнөр жай тармагы азыркыдан да мыкты деңгээлге көтөрүлүп экспорттун көлөмү мындан да артаары бышык. “Технополис” долбоорун ишке ашыруу өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасына камтылган.