Жаңылыктар
Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө каршы мыйзамга өзгөртүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө каршы мыйзамга өзгөртүү зарыл

Жарандык коомдун өкүлдөрү парламенттен жайкы эс алууга кеткиче балдарга зомбулук көрсөткөндөргө каршы мыйзамды кабыл алууга чакырууда. Айрым эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоору кечиктирилбестен кабыл алынат деп ишендирүүдө. Бирок, жайкы эс алууга саналуу гана күндөр калды.

Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө каршы мыйзам жеңил экенин айткандар арбын. Ага зордукчуну жазадан куткарууга жол бербей турган өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин белгилешет. Аны эске алган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылган. Жарандык коомдун өкүлдөрү депутаттарды жайкы эс алууга чыккыча маселени толугу менен чечүүгө чакырууда.



Мыйзам долбоорунда балдарга сексуалдык зомбулук жасагандарга мунапыс бербөө, педагогикалык ишмердүүлүгүнө биротоло тыюу салуу жана кылмыш жасалган учурда жабырлануучу тараптын арызысыз иш козгоо сыяктуу жоболор камтылган. Мындан сырткары айыпкер компенсация төлөө менен эле жазадан кутулуп кете албайт. Эки тараптын элдешүүсү абалды өзгөртпөйт. Айрым эл өкүлдөрү аталган мыйзам күздү күтпөстөн кабыл алынып калышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Жабырлануучунун арызын күтүү кылмыш ишин аныктап, аны сапаттуу тергегенге залакасын тийгизип коюшу мүмкүн. Жеткинчектерге карата мындай мамиле азайган жок. Статистиканын көрсөткүчтөрүнө таянсак 2015-2016-жылдары Кыргызстанда 174, ал эми быйыл жыл башынан бери 50дөй бала сексуалдык зомбулукка кабылган.