Жаңылыктар
КТРКнын Байкоочу кеңеши жамаат менен жолукту
УТРК жаңылыктары
КТРКнын Байкоочу кеңеши жамаат менен жолукту

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин жаңы курамы жамаат менен жолугушту. Жолугушууда каналды өнүктүрүү, мазмунун жакшыртуу, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды. 

КТРКнын айрым кызматкерлери кеңештин ишине ийгилик каалап, бир топ сунуштарын беришти. Жамаатты шыктандыруу үчүн ар бир кызматкердин ишин өзүнчө баалап, колдоого алуу сунушу да айтылды. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз кезегинде КТРКны өнүктүрүүдө биргелешип иштөөгө үмүт артаарын билдиришти.