Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга чыгышты

Чыныбай Турсунбеков 29-июнда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин экинчи сессиясын расмий түрдө жабык деп жарыялады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Төрага кыргыз парламенти экинчи сессиянын жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Ошондой эле эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алардын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады. Конституциянын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн тарта, июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин жыйындар эрежеси менен жүргүзүлөт.