Баткен районунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү Айгүл-Таш-Согмент унаа жолун жергиликтүү эл ашар жолу менен оңдой баштады. Буга чейин жол унаа каттамына ылайыкташып сүрүлүп, шагыл төшөлгөн.
Бирок жаан чачындан начар абалга келип, бузула баштаган. Айгүл-Таш-Согмент жолу чек ара чатактарынан улам тоолуу аймактын негизги каттамына айланды.
Ашарга айыл тургундары кетмен-күрөк менен чыгышты. Ал эми жол оңдоого ыйгайлашкан техникасы бар жарандар акысыз иштөөдө. Айгүлташ-Согмент жолун Унаа жана байланыш министрлиги 2009-жылы куруп баштаган. Анын долбоорлоо-сметалык баасы 237 миллион сомдон ашуун сумманы түзгөн. 2009-жылдан 2013-жылга чейин бул акчанын 114 миллион сомдон ашууну сарпталган.