Жаңылыктар
Айылдык ойлоп табуучу элеттиктердин түйшүгүн жеңилдетти
Айыл чарба
Айылдык ойлоп табуучу элеттиктердин түйшүгүн жеңилдетти

Улуу Кытай менен чектеш Ат-Башы районунда айыл чарба техникалары тартыш. Мунун кесепетинен талаа өнөктүк жумуштары өз мөөнөтүнөн кечигип, мээнет текке кеткен учурлар бар. Ушундан улам, Талды-Суу айылынын фермери Бакыт Токтоалиев негизинен картошканы айдоого жана аны тейлөөгө ыңгайлашкан техниканы курап чыкты. 

Анын кыймылдаткычы кадимки суу насосунуку болсо, дөңгөлөктөрү «Нива» автомашинасыныкы. Калган бөлүктөрү ар кайсыл үлгүдөгү унаалардыкынан чогултулган. «Курама темир курч болот» демекчи, бул техниканын кубаттуулугу төрт аттын күчүнө барабар жана 100 чакырым аралыкка болгону эки литр гана бензин сарптайт. Ылдамдыгы саатына 40 чакырым. Автордун айылдаштарынын айтымында эми түйшүк бир аз болсо да азайып, кол жумуштары кыйла жеңилдеп калат.