Жаңылыктар
Маевский: "Текебаев мурда берген убадасын аткарбай, берилген акчаны да кайтарган эмес"
Саясат
Маевский: "Текебаев мурда берген убадасын аткарбай, берилген акчаны да кайтарган эмес"

Кечээ, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча негизги күбө катары саналып жаткан Леонид Маевский көрсөтмө берди. Жараян Маевский берди делинген бир миллион доллар акча Текебаев жана анын командасына ким аркылуу, эмне максатта, кандай берилгени, Маевский менен Текебаев канча ирет, каякта жолукканы тууралуу тактоочу суроо жооптор менен уланды. Отурум тараптардын бири-бирине үнүн бийик чыгарып суйлөп, ал турсун кайым айтышып, кыйкырышканга чейин жеткен көрүнүштөр менен коштолду.

Маевский адегенде 300 миң доллар, кийинчерээ 700 миң доллар акчаны өзүнүн тапшырмасы менен Модин айркылуу бергенин, ал үчүн Текебаевдер убадасын аткарбай аны алдап кеткенин айтты. Өз кезегинде Текебаев эч кимден эч кандай акча албаганын, акча талап кылбаганын айтып, өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

Маевскийдин айтымында, Текебаев жана анын командасы мурда берген убадасын аткарбай, берилген акчаны да кайтарган эмес. Жабырлануучу акчаны сурап келсе, бермек тургай, Маевскийдин нарко зат менен колго түшүрөм деп коркутканын айтты. Жактоочуларга Маевскийдин 2010-жылы болгон окуя боюнча жети жылдан кийин кайрылганы кызыктуу болду. Маевский Текебаев аны коркутканын, ошол кездеги бийликтин тушунда арызданса деле майнап чыкпаай турганын көзү жетип, мезгилин кутконун билдирди. Бул суроону тактоо тараптардын кайым айтыштары, эмоциялар, кыйкырыктар менен коштолду. 

Соттук отурум тууралуу толук маалыматты аудиого кирип уксаңыз болот.

Бозулан Ысаков, Биринчи радио