Жаңылыктар
“Билайн” жана “Мегаком” уюлдук операторлоруна айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
“Билайн” жана “Мегаком” уюлдук операторлоруна айып салынды

Кыргызстанда “Билайн” жана “Мегаком” катары белгилүү болгон “Скай Мобайл” жана “Альфа Телеком” ишканаларына монополияга каршы мыйзамдарды бузганы үчүн 58 миллион сом айып салынды. Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматына караганда, уюлдук операторлор абоненттердин сүйлөшүүсүн биринен-бирине чалганда 50 пайызга кымбаттатуу боюнча өз ара жаңы келишим түзүшкөн. 

Бирок башка операторлор менен болгон шарттар өзгөрүлгөн эмес. Мындай аракеттер "Атаандаштык" жөнүндөгү мыйзамдарга туура келбейт. 

"Бул келишим рынокко жаңы оюнчулардын киришине жолтоо болуп, атаандаштык жаратууга жол бербейт. Мындан ары Монополияга каршы органы тарабынан мындай фактыларга карата катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта. 

Мамлекеттик агенттиктен 58 миллион сомду чапчыган айып пул мамлекеттик казынаны толуктай турганын билдиришти. Ошондой эле, мындай айып пул тарыхта биринчи жолу салынып жатканын кошумчалашты.