Жаңылыктар
ӨКМ кызматкерлери батирлүү болушту
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ кызматкерлери батирлүү болушту

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине батирлерди тапшырды. 162 адис турак жайлуу болду. Жанаша жайгашкан көп кабаттуу үч үйдү салуу былтыр башталып, курулушка 261 миллион сом сарпталган. 

Батирлердин 36сы үч, 54ү эки, ал эми калган 72си бир бөлмөлүү. Мамлекет башчысы министрликтин үлгүлүү кызсматкерлерине кол сааттарды да тапшырды. Ошондой эле, министр Кубатбек Бороновго жаңы турак үйлөрдүн алдында балдар аянтчасын куруу үчүн сарптала турган 300 миң сомдук сертификатты да берди.

“Ким ойлойт эле ар бир майрам сайын ушинтип кызматкерлерге үй тапшырылат деп. Сиздер билесиздер башка министрликтердин кызматкерлерине да үйлөрдү тапшырып келатабыз. 20-30 жылдан бери үй ала албай жүргөн кызматкерлерге үй тапшыруу акыркы 2-3-жылда өнөкөт болуп калды. Ишенип президентин колдогон сиздерге рахмат. Кыйын күндөргө чыдаган элибизге рахмат”,- деди Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев.